Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).

Posted in Манасчы with tags on February 8, 2010 by Renat-RM

Манасчы – кыргызда «Манас» айтуу өнөрүн атайын кесип кылган ырчы (акын).
«М.» деген сөз Октыбрь революциясынан кийин пайда болуп, терминдик маани алган. Айрым жазма адабияттарда жана карыялардан жыйналган оозеки маалыматтарга караганда, Октябрга чейин, ошондой эле Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да «манасты» айткан адамдар эл ичинде «ырчылар», «жомокчулар» деп жалпы ат менен аталышкан.
«М.» деп адатта эпостун биринчи бөлүмүн («Манас») же үч бөлүмдү («Манас», «Семетей», «Сейтек») тең толук айткандар.

Эң биринчи манасчы жөнүндө такталган маалымат жок. Манасчылык кесип качантан бери келе жатканын так айтуу кыйын.
Элдик айрым аңыздарда Манас өлгөндө Каныкей айткан кошокту кийин жомокчу-акындар улам өнүктүрүп, улам молуктуруп зор көлөмдүү чыгармага айландырганы айтылат.
Дастанда чагылдырылган тарыхый окуяларды өз көзү менен көргөн, иштерине аралашып жүргөн адамдар тарабынан алгач баяндалганы, аңызга айланганы талашсыз.
Мисалы, Манаска турмушка чыккандан тартыпөзү көбү болгон окуяларды Каныкей баласы Семетейге эскерүү монолог түрүндө баштан аяк узун жомок кылып айтып берет, Алмамбет Манаска келгенге чейинки өмүр жолун өзү айтса, көпчүлүк варианттарда Көкөтөйдүн ашы Толтой бала кезинде Багышты ээрчип жүрүп өз көзү менен көргөн окуя катары баяндалат. Демек, Каныкей Манастын эрдик иштерин кошок түрүндө да, жомок-аңыз түрүндө да даңазалап, ал жөнүндөгү эпопеянын жаралыш башатында турат деп айтууга негиз бар.
Ошондой эле кыргыздарда кеңири таралган уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири – Ырчыуул. Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.

Кийин ошол кошок түрүндө эл оозунда айтылып жүргөн ырларды Токтогул ырчы бириктирип, Манас баатыр жөнүндө бир бүтүн чыгарма түзгөн делип айтылат.

Биринчи манасчы ким болгон деген суроого изилдөөчү Мухтар Ауэзов дагы бир пикир айткан. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Жайсаң ырчы деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.

Жусуп Мамай уулу

Posted in Манасчылар on February 8, 2010 by Renat-RM

Жусуп Мамай уулу –  кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы.

1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айлында туулган.

Жети жашынан кат тааныган.

Анын агасы Балбай “Манаска” кызыгып, аны чогултуп кагазга түшүрүп жүргөн. Жусуп Мамай уулу “Манасты” сегиз урпагына чейин айтат. Анын айтымында бул эпос 500 миң сап ырды түзөт.

“Манастын”  Жусуп Мамай уулу айткан варианты КЭРде араб тамгасы менен басмадан чыккан. Мындан тышкары “Төштүк”, “Мамаке Шопок”, “Көбөөн”, “Толтой” сыяктуу чакан дастандары да басмадан чыгартылган.

Кыргызстанга бир нече ирет келген.

1989-жылы 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын уюштуруу жыйынына жазуучу Түгөлбай Сыдыкбек уулу экөө сый конок катары катышкан.

1995-жылы Кыргызстандагы “Манас” дастанынын шарттуу миң жылдык мааракесине катышкан.

Саякбай Каралаев

Posted in Манасчылар with tags on February 8, 2010 by Renat-RM

(1894, Тоң району, Ак Өлөң кыштагы – 1970) – манасчы. Кыргыз ССР эл артисти (1939). 1916 жылы үркүндө Кытайга качып барып, 1917 жылы кайтып келген. 1918-1922 жж. Кызыл аскердин катарында Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкө катышкан. 1934-1954 жж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. 1932-1947 жж. Саякбай Каралаев  “Манас” үчилтигинин толук айтылышы кийинки уландылары “Кенен”, “Алышсарык”, “Кулансарык” менен кошо жазылып алынган (баардыгы 500558 сап). Ал “Манас” эпосу менен бирге бир кыйла кенже дастандарды билген; элдик дастандардан башка өзүнүн “Бүркүттүн жомогу”, “Унутулгус күндөр”, “Делдеш баатыр”, “Кара молдо” ж.б. чыгармалары бар. Кыргыздын “Гомери” деген наамга ээ болгон.

Айдар Жаныбек уулу

Posted in Манасчылар on February 8, 2010 by Renat-RM

1888, Алай району, Сабай айылы – 1936, ошол эле жер) – манасчы.
Айдар Жаныбек уулу шыгынын ойгонушуна таякеси Чомо түрткү болгон. Замандаштарынын эскерүүсүндө Айдар Жаныбек уулу Чомо сыяктуу эле «Манас» эпосун сегиз муун кылып айткан, бирок анын айтканы кагаз бетине түшүрүлбөгөн.

Design a site like this with WordPress.com
Get started